• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ: Карды атайылап түшүрүү зарылдыгы пайда болду

Коом 0

Бишкек, 16.01.18. /Кабар/. Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап түшүрүү зарылдыгы пайда болду,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Бишкек-Ош (132-137, 198-255-чакырымдарында) унаа жолунда коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн, 2018-жылдын 15-январынан 22-январына чейин артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн мажбурлап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан”,-деп айтылат маалыматта.

Ага байланыштуу, кечээ, 15-январда КРнын Жарандык коргонуунун башчысы–Премьер-министрдин №2 буйрутмасы чыккан.

Бүгүн, 16-январда КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынан түзүлгөн артиллериялык топ, Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137, 198-255-чакырымдарында кар көчкүсүн мажбурлап түшүрүү иштерин жүргүзүү үчүн саат 07:00дө жөнөп кетти.

Пикир

Оставить комментарий