• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Майлуу-Сууга облустук жарандык коргонуу күчтөрү тартылат

Коом 0

Бишкек, 19.01.23. /Кабар/. Майлуу-Суу шаарында катуу сууктан тоңгон суу түтүктөрүн калыбына келтирүү үчүн облус аймагындагы жарандык коргонуу кызматтары кошумча күч катары тартылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун жарандык коргонуунун башчысы Абсаттар Сыргабаев аталган багытта чукул жыйын өткөрүп, тиешелүү тармактардан шаар, райондук мекеме ишканалардын жетекчилерине тапшырмаларды коюп, тоңуп калган түтүкчөлөрдү эритүүчү шаймандарды камсыздоо тапшырмасын берди.

Учурда Майлуу-Суу шаарында ӨКМдин кызматкерлери жана облустук ЖК кызматтары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Эске салсак, Майлуу-Суу шаарынын аймагындагы катуу сууктун кесепетинен 12-январь күнү шаардын калкын таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Шаарга берилүүчү суунун көлөмү азайгандыктан Майлуу-Суу шаарын жылуулук менен камсыздаган №1, №3, №4 отказандын жылуулук берүү системаларына суу толук келбей, жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган.

Буга чейин №1 менен №4 отказан жылуулук бере баштаган.

Ал эми 13-январь күнү Майлуу-Суу шаарынын аймагында III ордук даражасындагы өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий