• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМ: Ош облусунда табигый кырсыктардын алдын алуу жумуштары жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. Ош облусунда табигый кырсыктардын алдын алуу жумуштары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 18-июлга карата КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгы тарабынан облустун аймагында 2020-жылы аткарылуучу Кырсыктарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын мерчеминин негизинде жалпы 100 объект каралган. Анын ичинен 81 объектини Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, 19 обьектини Жергиликтүү бийлик аткарууга алган. Андан сырткары 9 объект мерчемге кошумча киргизилген.

Учурда 45 обьектте жумуштар толук бүттү, 12 объектте жумуш жүрүүдө, 8 объектте жумуш убактылуу токтоп турат.

Жалпы Ош облусу боюнча 1706 турак жай, 321,3 га айыл чарба жери, 3 мечит, 5 мектеп, 1 стадион, 2 ФАП, 4 бала бакча, 1 көпүрө, 1410 жаран жол менен камсыз болду, 10,9 чакырым ички жолдор корголду.

Жалпы облус боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Жергиликтүү бийликке 2255 даана габион торчолору жана 9909 л күйүүчү май бөлүнүп берилип, иштетилүүдө.

Аталган иш-чара 2 багытта жүрөт: капиталдык курулуш, оңдоп-калыбына келтирүү жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштары, экинчи багытта: атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу.

Пикир

Оставить комментарий