• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги күндүзгү стационарлар ачылгандан бери 45 миңден ашуун бейтапты кабыл алган

Ден соолук 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. Бишкектеги күндүзгү стационарлар ачылгандан бери 45 миңден ашуун бейтапты кабыл алган , - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Мэриянын күндүзгү жана түнкү стационарлары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Алсак, акыркы сутка ичинде эле дээрлик беш миңге жакын адам кайрылган.

2020-жылдын 18-июлуна карата күндүзгү стационарлар 45 миң 403 адамды кабыл алган, анын ичинен 32 миң 722 бейтап капельница алып, ийне сайдырган. Ал эми 12 миң 425не медициналык кеп-кеңеш берилсе, 246 адам ооруканага жаткырылган.

Ошондой эле төрт күндүн ичинде Бишкектеги түнкү стационарларга 1759 адам кайрылган, анын 10у ооруканага жаткырылган.

"Шаардагы ишкерлердин колдоосу менен стационарлар кычкылтек концентраторлору, пульсоксиметрлер менен жабдылып, мобилдүү дарыканалар ачылды. Күндүзгү стационарларда 115 кычкылтек концентратору жана 23 дарыкана, түнкү стационарларда 51 кычкылтек концентратору жана 5 дарыкана иштеп жатат", - деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, таңкы саат 8:00дөн 20:00гө чейин курч респиратордук вирустук инфекциянын жеңил формасы менен ооруган бейтаптарга ийне сайылып, кеңештер берилүүдө, ошондой эле түнү менен түнкү стационарлар иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий