• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте тубаса жүрөк кемтиги боюнча кыргыз-кытай изилдөө борбору ачылды

Ден соолук 0

Бишкек, 06.12.18 /Кабар/. Бишкекте тубаса жүрөк кемтиги боюнча кыргыз-кытай изилдөө борбору ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Бул жаңы борбор Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда орун алды.

Мындан тышкары, Улуттук кардиология борбору менен Хебей медициналык университетинин ортосунда кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда жүрөк кемтиги менен ооруган балдардын көбү көз жумат. Мүмкүн мындай жагдай өлкөнүн бийик тоолуу шартта жайгашкандыгына байланыштуу.

Пикир

Оставить комментарий