• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Курч ичеги инфекциясы болгондо эмне кылуу керек? Ата-энелерге кеңеш

Ден соолук 0

Бишкек, 19.07.23. /Кабар/. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду ата-энелерге курч ичеги инфекциясы болгон учурда эмне кылуу керектиги боюнча кеңеш берет.

Фонддун маалыматына ылайык, жайкы эмгек өргүү жана каникул мезгилинде курч ичеги-карын инфекциялары менен ооруган учурлар көбөйүшү мүмкүн. Алар ар кандай себептерден улам пайда болушу мүмкүн, туура эмес жуулган жемиштерден, ошондой эле сууда сүзүп жатканда кокусунан оозуңузга суу кирип кеткенде. Ичеги-карын инфекциясы ар кандай курактагы адамдарда көп кездешет, бирок жети жашка чейинки балдар жүрүм-турумунан жана организмдин микробдорго болгон реакциясынан улам көп жабыркашат.

Балдарда ичеги-карын инфекциясынын белгилери байкалса, катталган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу зарыл. Дарыгер баланы текшерип, кеңеш берет, зарыл болгон учурда лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдү дайындайт.

Медикаментоздук дарылоодо дарыгер жеңилдетилген дары-дармектерге электрондук рецепт жазып берет, аларды ММК фонду менен кызматташкан дарыканалардан 50% га чейин (базалык наркынан) арзандатуу менен сатып алууга болот.

Ооруканага жаткырууга көрсөтмө болгондо же ооруканага кеңеш алуу үчүн кайрылганда, дарыгер жолдомо жазып берет.

Бейтапканадан акысыз жардам алуунун маанилүү шарты болуп, балдар бул Үй-бүлөлүк медицина борборуна катталган болууга тийиш. Каттоо жок болгон учурда медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн Баалардын прейскуранты боюнча акы төлөнөт.

Консультация алуу үчүн стационарга өз алдынча кайрылганда, лабораториялык-диагностикалык изилдөөлөрдү жолдомосуз жүргүзүүдө ата-энелер Баалардын прейскурнаты боюнча кызматтарга акы төлөшөт, ооруканага жаткырууда максималдуу деңгээлдеги кошумча төлөмдү төлөшөт.

Эгерде ата-эне тез жардам чакырса, дарыгерлер баланы ооруканага жаткырууну чечишкен болсо, анда үй-бүлөлүк дарыгердин жолдомосу талап кылынбайт (!).

Төмөнкү медициналык кызматтар акысыз көрсөтүлөт:

- бейтапканада 16 жашка чейинки балдарга (жалпы билим берүү мекемелеринин окуучуларына - окуусун аяктаганга чейин, бирок 18 жашка чыкканга чейин гана).

- стационарда 6 жашка чейинки балдар, анткени алар жеңилдик категориясына кирет. 6 жаштан жогорку курактагы адамдар ооруканага жаткырылганда орточо деңгээлдеги кошумча төлөмдү төлөшөт.

Мамлекет ММК фонду аркылуу жарандарга көрсөтүлгөн бардык акысыз медициналык кызматтар үчүн дарылоо мекемелерине акы төлөйт.

Пикир

Оставить комментарий