• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мобилдик клиника Баткен облусунун чек арадагы райондорунда иш алып барууда

Ден соолук 0

Бишкек, 09.10.23. /Кабар/. Учурда мобилдик клиника Баткен облусунун чек арадагы райондорунда иш алып барууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-октябрдан 12-октябрга чейин онколог-маммолог, гинеколог, терапевт жана УДИ-адистен турган медицина кызматкерлеринин мультидисциплинардык командасы Лейлек районундагы аялдарга жана өспүрүм кыздарга акысыз кеп-кеңеш беришет жана текшеришет. Ал эми 13-октябрдан 21-октябрга чейин мобилдик клиника Баткен районунун алыскы айылдарына барат.

Жылдын башында «Үй-бүлөнү пландоо кыргыз альянсы» коомдук уюму Улуу Британиянын өкмөтүнүн жана БУУнун Калк жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) техникалык колдоосу астында мамлекеттик жана улуттук өнөктөштөр менен биргеликте клиниканын аялдар жана өспүрүм кыздар үчүн энелик, репродуктивдик ден соолук жаатындагы кызматтарын көрсөтүү үчүн иш-сапарларын уюштурган.

Мобилдик клиниканын иши “Баткендин аялдарын жана кыздарын комплекстүү колдоо” долбоорунун алкагында уюштурулган болчу. 2023-жылдын февраль айынан март айына чейин мобилдик клиника Баткен облусунун айылдарында болду жана 17 күндүн ичинде дарыгерлердин командасы 2800дөн ашуун аялга жана өспүрүм кыздарга акысыз кеп-кеңештерди берди жана текшерди. Иштин жыйынтыгы боюнча, чек арадагы айылдардын жашоочулары областтын алыскы айылдарына адистердин ушундай иш-сапарларын үзгүлтүксүз уюштуруп турууну өтүнүштү.

2023-жылдын октябрь айында Баткен облусунда аялдар жана өспүрүм кыздарга медициналык адистердин кеп-кеңештерин, алыскы айылдардын медицина кызматкерлеринин потенциалын жогорулатууну, гендердик зомбулук жана репродуктивдик ден соолук көйгөйлөрүн чечүүдө калктын позитивдүү социалдык жана гендердик ченемдер тууралуу маалыматтуулугун жогорулатуу боюнча маалыматтык сессияларды камтыган комплекстүү иш-чаралары башталган.

Мобилдик клиника эки жумадан ашуун убакыт Лейлек жана Баткен райондорунун чек арадагы 8 айылында болуп келмекчи. Дарыгерлер кыйла сапаттуу жана натыйжалуу иш жүргүзүү үчүн ар бир айылга бир нече күндөн токтошот.

Долбоордун алкагында Лейлек районунун айылдарына мобилдик клиниканын сапарлары уюштурулмакчы, алар: Интернационал, Кулунду, Ак-Суу жана Катран айылдары.

Мобилдик клиниканын Лейлек районундагы сапарларынын графиги:
1.3-4-октябрь - Кулунду айыл өкмөтү Интернационал айылы – “40 лет Кыргызстана” ат. ОМ (орто мектеп).
2. 5-6-октябрь - Кулунду айыл өкмөтү Кулунду айылы – Кулунду ЖДПБ.
3. 09-10 октябрь Ак-Суу айыл өкмөтү Ак-Суу айылы – Ак-Суу ОМ.
4. 11-12-октябрь Катраң айыл өкмөтү Катраң айылы – Ата-Журт аянты.

Баткен районунда мобилдик клиника: Ак-Татыр, Көк-Таш, Боз-Адыр жана Ак-Турпак айылдарына барат.

Мобилдик клиниканын Баткен районундагы сапарларынын графиги
1. 13-14-октябрь Ак-Татыр айыл өкмөтү Ак-Татыр айылы – Ак-Татыр ОМ.
2. 16 -17-октябрь Ак-Сай айыл өкмөтү Кок-Таш айылы – Көк-Таш ОМ.
3. 18-19-октябрь Суу-Башы айыл өкмөтү Боз-Адыр айылы – Боз-Адыр гимназиясы.
4. 20-21-октябрь Торт-Гул айыл өкмөтү Ак-Турпак айылы –№12 ҮДТ.

Кошумча медициналык текшерүүнү же болбосо адистердин кеп-кеңешин талап кылган оорулар аныкталган учурда, дарыгерлер адистештирилген дарылоо мекемелерине жолдомо беришет. Ошондой эле көчмө клиниканын ишинин жыйынтыгы боюнча натыйжалар андан ары байкоо жүргүзүү жана бейтаптарды кароо үчүн жер-жерлердеги саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине берилет.

Долбоордун иш-чараларын «Үй-бүлөнү пландоо кыргыз альянсы» коомдук уюму Эл аралык өнүктүрүү үчүн Улуу Британиянын өкмөтүнүн жана Кыргызстандагы БУУнун Калк жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) каржылык колдоосу астында ишке ашырып жатат.

Пикир

Оставить комментарий