• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ өрт коркунучун алдын алуу багытында элдин арасында түшүндүрүү иштерин улантат

Коом 0

Бишкек, 14.01.19 /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери өрт коркунучун алдын алуу багытында калк арасында түшүндүрүү иш-чараларын улантат. Бул тууралуу ӨКМ аппараттык кеңешмесинде айтылды.

Министр Нурболот Мирзахмедов өрт коркунучунан тышкары жаздын келиши менен болуп кетчү табигый кырсыктарды болуп кетишин эскертип, алдын алуу иш-аракеттерин дыкаттык менен аткарууну боюнча тапшырма берди.

"Жарандардын өмүрүнө коркунуч келтирүүчү аймактарда түздөн-түз ыкчам иш алып барыңыздар. Жарандык коргоо системасында координацияны биз жүргүзөбүз, андыктан аркандай шылтоо болбосун", – деди министр.

Ошондой эле министр жаз маалындагы күтүлүүчү табигый кырсыктарын алдын алуу аракеттерин ыкчам түрдө жүргүзүлүүсүн, калк арасында коопсуздук эрежелерин түшүндүрүүнү улантылышы керектигин баса белгилеп өттү.

Аппараттык кеңешменин жүрүшүндө кыш мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, болуп кетүүчү чукул караалдарга министрликтин күч, каражаттарын даярдыкта болуусу талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий