• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Суукка тоңуп жана сууга аккан 2 адамдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 18.12.17. /Кабар/. Ишемби күнү, 16-декабрда Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндө тоңуп калган бир адамдын сөөгү табылган. Андан сырткары, ошол эле күнү Сокулукта сууга аккан кишинин жансыз денеси табылган. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, табылган эки адамдын сөөгүн куткаруучулар чыгарышкан.

“Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары Масалиев көчөсүндөгү №88 үйдүн жанындагы жылуулук өтүчү түтүгүнө азият улутундагы 25-30 жаштагы (сел саяк) жылынып жаткан боюнча каза болгон жерге барышып, маркумду чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен”,-деп айтылат маалыматта.

Ал эми, 16-декабрда куткаруучулар Сокулук айылындагы Новая көчөсү аркылуу агып өткөн Сокулук суусунан белгисиз эркек кишинин жансыз денесин алып чыгышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий