• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өкмөт 100 миңге чейин насыя алган жарандарды алдыдагы үч айга насыянын үстөгүн төлөөдөн бошотту

Өкмөт 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Өкмөт 2020-жылдын декабрь жана 2021-жылдын январь-февраль айларына 100 миңге чейин насыя алгандарга үстөгүн төлөөдөн бошотту.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, 9-ноябрь күнү президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Нарын облусундагы иш сапарында жергиликтүү эл коронавирус инфекциясынан улам киргизилген чектөөлөргө байланыштуу насыяларды төлөө боюнча маселе жаралганын айтышкан.

Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын финансы-кредит мекемелеринен насыя алган жана социалдык-экономикалык оор абалда калган насыя алуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын өкмөтү 2020-жылдын 1-октябрына чейин 100 миң сомдон ашпаган насыя алуучуларды 2020-жылдын декабрында жана 2021-жылдын январь-февралында чегерилген пайыздарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө токтом кабыл алган.

Бул чечим COVID-19 коронавирус инфекциясынын пандемиясы менен шартталган эпидемиологиялык жана социалдык кырдаалга байланыштуу кабыл алынган.

Токтомго ылайык, эгерде насыя алуучунун 100 миң сомго чейинки сумманы бир нече жерден алса, пайыздар тандалган насыялардын бири боюнча гана төлөнүп берилет.

Чечимдин алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 2020-жылдын 1-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги үчүн чегерилген пайыздарды субсидиялоо жөнүндө келишим түзүү үчүн финансылык-кредиттик уюмдардын бириктирилген реестрин берүү милдеттендирилген.

Ошол эле учурда алынган маалыматтардын ишенимдүүлүгүнө жана алынган субсидиялардын максаттуу пайдаланылышына көзөмөлдү камсыз кылууга өзгөчө көңүл буруу керек.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 5 жумушчу күндүн ичинде каржы-кредиттик уюмдарга субсидиялардын болжолдуу суммасын которуу тапшырмасы берилген.

Бул чечимге премьер-министр кол койду. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий