• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто милиция кызматкерлери адашып кеткен 6 жаштагы баланы таап беришти

Аймак 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Ош облусунда милиция кызматкерлери адашып кеткен 6 жаштагы баланы таап беришти. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-ноябрь күнү Ош облусунун Гүлбар айылынын 26 жаштагы К.к.Т. аттуу тургуну болжол менен саат 11:30да "Гүлбар-Ош багыты" менен каттаган унаанын айдоочусуна "Ош шаарынан атасы Н.Н. тосуп алат" деп 6 жаштагы баласын таксиге салып жиберген. Бала Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Бирлешкен айылына келгенде унаадан түшүп калып, адашып кеткен.

"Милиция кызматкерлери баланы көрүп калып, ыкчам сурамжылоо иштерин жүргүзгөн. Баланын ата-энеси табылып, бала ата-энесине аман-эсен өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий