• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өкмөт: 2020-жылдын I жарым жылдыгында жарандардан 1426 кайрылуу келип түшкөн

Өкмөт 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. 2020-жылдын I жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын канцеляриясынын жарандардын кайрылуулары секторуна 1426 жазуу жүзүндө кайрылуу түштү (салыштыруу үчүн: 2019-жылдын I жарым жылдыгында – 2457 кат түшкөн). Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан –278 (19,5%), (2019-жылдын I жарым жылдыгында – 381 (15,5%);

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен – 238 (16,7%), (2019-жылдын I жарым жылдыгында – 508 (20,7%);

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Коомдук кабылдамасында жеке кабыл алынган жарандардын жазуу жүзүндөгү кайрылуулары – 180 (12,6 %), (2019-жылдын I жарым жылдыгында – 217 (8,8%);

- www.kattar.kg порталы аркылуу түшкөн электрондук кайрылуулар – 124 (8,7 %), (2019-жылдын I жарым жылдыгында - 329 (13,4%);

- башка байланыш каражаттары аркылуу түшкөн кайрылуулар (экспедиция, почта, фельдбайланыш, курьер менен жеткирүү, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүндөгү корреспонденция ящиги) – 606 (42,5 %), (2019-жылдын I жарым жылдыгында - 1022 (41,6%).

Жарандардын кайрылуулары республиканын бардык региондорунан, КМШ өлкөлөрүнүн тургундарынан жана алыскы чет өлкөдөн да келип түшүүдө.

Арыз, даттануу жана сунуш төмөнкү шаарлар жана облустардын жарандарынан түшкөн:

- Бишкек шаары - 641 (45 %);

- Чүй облусу - 218 (15,3 %);

- Жалал-Абад облусу - 138 (9,7 %);

- Ысык-Көл облусу - 110 (7,7 %);

- Нарын облусу - 85 (6 %);

- Ош облусу - 83 (5,8 %);

- Баткен облусу - 68 (4,8 %);

- Ош шаары - 39 (2,7 %);

- Талас облусу - 29 (2 %);

- КМШ өлкөлөрү жана чет өлкө – 15 (1 %).

Арыз берүүчүлөрдүн негизги контингенти–улгайган пенсиялык курактагы адамдар жана башка социалдык аялуу категориядагы жарандар.

Жарандардын бардык жазуу жүзүндөгү, оозеки кайрылууларынын тематикасы боюнча маселелерди төмөнкү багыттарга бөлүштүрүүгө болот:

- укук коргоо жана коопсуздукту камсыздоо маселелери - 131 (9,2 %);

- жер жана турак жай маселелери - 109 (7,6 %);

- курулуш, архитектура, турак жай-коммуналдык чарба маселелери – 103 (7,2 %);

- билим берүү жана илим маселелери - 81 (5,7 %);

- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштери жөнүндө – 68 (4,7);

- агроөнөр жай, дыйкан жана фермердик чарбалардын маселелери жана жер маселеси – 60 (4,2 %);

- саламаттык сактоо маселелери - 61 (4,3 %);

- кадрдык камсыздоо, эмгектик талаш, эмгек акы тууралуу маселелер –51 (3,6 %);

- социалдык кызматтардын иши, пенсия, жеңилдиктер, жөлөкпулдар тууралуу жана материалдык жардам көрсөтүү маселелери - 42 (3 %);

- башка маселелер – 720 (50,5 %).

Жазуу жүзүндөгү кайрылуулардан сырткары Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасына 242 жаран кайрылган, анын ичинен – 39 жаран Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилери тарабынан, ал эми 203 жаран Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кызматкерлери тарабынан кабыл алынган жана жарандарга түшүндүрмө берилүү менен маселелер чечилген.

Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылып кетүү коркунучун алдын алууну күчөтүү жана калк арасында санитардык-эпидемиологиялык дурус абалды камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министрдин 2020-жылдын 19-мартындагы циркулярдык катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана шаар мэрияларынын коомдук кабылдамаларында жарандарды кабыл алуу тартиби өзгөртүлүп, кайрылуу маселеси өзгөчө болгон, мамлекеттик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан шашылыш, кечиктирилгис түрдө каралуучу маселе боюнча кайрылган жарандардын тышкары, жарандарды коомдук кабылдамаларда жана жетекчилер тарабынан жеке кабыл алуусуна максималдуу түрдө чектөө киргизүү жана реалдуу режимде видео-конференц-байланыш аркылуу жарандарды кабыл алуу, электрондук түрдө www.kattar.kg порталы аркылуу кайрылууларды кабыл алуу жана ишеним телефонуна жана коомдук кабылдамаларына телефон чалуулар аркылуу иш жүргүзүү сунушталган.

Пикир

Оставить комментарий