• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өкмөт башчы Абылгазиев Минскте - коштоп кеткендердин тизмеси

Саясат 0

Бишкек, 26.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдын 27-ноябрында Беларусь Республикасынын Минск шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынына катышат.

Жыйындын катышуучулары Евразия экономикалык бирлигинин мүчө-мамлекеттеринин кызматташуусун мындан аркы тереңдетүү маселелерин карашат.

Расмий делегация:

-Премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев;

- КРнын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков;

- Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров;

- Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов;

- КРнын Беларустагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев;

- Экономика министри Олег Панкратов;

- Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев;

- КРнын өкмөтүнүн Евразиялык экономикалык биримдиктеги иштер боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков;

- Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров.

Пикир

Оставить комментарий