• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

Саясат 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

«Үстүбүздөгү жылдын май айында Кытайга мамлекеттик сапар менен ийгиликтүү барып, «Кытай-Борбор Азия» саммитине катыштыңыз. Биз жаңы доордо кыргыз-кытай мамилелерин биргелешип ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине көтөрдүк, эки өлкөнүн кызматташтыгы бардык багыттар боюнча ыкчам өнүгүүнүн жаңы баскычына өттү.

Мен кыргыз-кытай мамилелеринин өнүгүшүнө чоң маани берем жана эки элдин бакубаттуулугун жогорулатуу максатында аймактагы тынчтыкка, туруктуулукка жана гүлдөп-өнүгүүгө дагы чоң салым кошуу менен Кытай жана Кыргызстан ортосундагы жалпы тагдырга ээ болгон коомдоштукту курууга карата күч-аракеттердибизди биргелешип арттырабыз деп ишенем», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий