• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бюджети акыркы үч жылда 3 эсеге өстү

Экономика 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бюджети акыркы үч жылда 3 эсеге өстү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында министр Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, ӨКМ каражатты эң көп талап кылган министрлик болуп саналат, анын ичинде Мамлекеттик материалдык резервдер фонду бар.

"2020-жылдары министрликтин бюджети 1,9 млрд сомду түзгөн, анын 80%ы кызматкерлердин айлык акысын төлөөгө жумшалчу. Андан кийин 2021-2022-жылдары бюджетибиз дагы 2,5 млрд сомго көбөйүп, азыркы учурда 4,5 млрд сомго жетти", - деди ал.

Министр кошумчалагандай, мындан тышкары Мамлекеттик матрезервдер фондунун бюджети дагы бир кыйла өсүп, ал Кыргызстандын калкын 3 жылга азык-түлүк менен камсыздоого жетет.

"Ошого жараша кызматкерлердин дагы айлык маянасы 3 эсеге чейин өстү. Мисалы, 2020-жылдагы 12-17 миңге чейинки айлыктар азыр минималдуу 35-37 миң сомго жетти. Ошондой эле министрликтин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн каралган каражат бир нече эсеге өстү", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий