• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өкмөт башчы Дубай шаарындагы «Burjeel» клиникасынын иши менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 11.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 11-февралда, Өкмөттөрдүн дүйнөлүк алтынчы саммитине катышуу алкагында Дубай шаарындагы (Бириккен араб эмираты) «Burjeel» клиникасынын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

«VPS Health Care» компаниясынын башчысы, доктор Шамшир Ваялил заманбап технологиялык жабдуулар менен камсыздалган клиниканын негизги бөлүмдөрү боюнча экскурсия өткөрдү.

Радиология бөлүмүнүн иши менен таанышуу учурунда Сапар Исаков белгилегендей, Бишкек шаарында онкологиялык оорукананын иши аяктоодо жана азыркы учурда жабдуу менен, анын ичинде линейдик тездеткич менен камсыздоо маселеси турат.

«Буга катар балдар онкологиясы бөлүмүн реконструкциялоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө, бул биз үчүн абдан маанилүү долбоор болуп саналат», – деп билдирди Өкмөт башчы Сапар Исаков.

Доктор Шамшир Ваялил Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарлыгын билдирди.

Тараптар ошондой эле медицина жана санариптик кызмат көрсөтүү жаатындагы кызматташтык жана тажрыйба алмашуу келечегин талкуулады. Жолугушуу жыйынтыгында Премьер-министр Сапар Исаков клиника өкүлдөрүн Кыргыз Республикасына таанышуу сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий