• 88.68
  • 95
  • 0.95

COVID-19га каршы күрөшүү үчүн өнөктөштөрдөн келген каражаттардын пайдаланышы боюнча маалымат

Өкмөт 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн өнөктөштөрдөн келген финансылык каражаттардын пайдаланышы боюнча маалымат таратты.

Бюджетти колдоо жана COVID-19дун жайылышын алдын алуу, анын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды каржылоо үчүн республикалык бюджеттин 170,8 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү каражатына төмөнкүлөр каржыланды, анын ичинде:

  • 89,1 млн АКШ доллары медицина кызматкерлерине, билим берүү системасынын, укук коргоо органдарынын жана аскер кызматкерлеринин эмгек акысына жумшалды;
  • 6,2 млн АКШ доллары медицина кызматкерлерин, билим берүү системасынын, укук коргоо органдарынын жана аскер кызматкерлерин мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрүнө багытталды;
  • 26,3 млн АКШ доллары пенсия жана жөлөкпулдарды төлөөгө жумшалды;
  • 22,3 млн АКШ доллары Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу медициналык мекемелерди камсыздандырууга багытталды;
  • 2,0 млн АКШ доллары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын каржылоого жумшалды;
  • 14,5 млн АКШ доллары калктын аз камсыз болгон катмарынын жөлөкпулуна кетти;
  • 1,3 млн АКШ доллары медициналык товарларды жана тейлөө кызматтарын сатып алууга багытталган;
  • 3,0 млн АКШ доллары Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан запасты толтуруу максатында дан эгин сатып алууга жумшалган;
  • 1,3 млн АКШ доллары COVID-19га каршы күрөшүү максатында киргизилген чектөөлөрдөн улам оор жашоо шартында калган калк үчүн азык-түлүк сатып алууга багытталган.

Каражаттардын калган суммасы 148,4 млн АКШ долларын экономиканы калыбына келтирүүгө жана пандемиянын кесепеттерин жоюуга жумшоо пландалууда.

Мындан тышкары COVID-19 вирусунун жайылышына жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өнүктүрүү боюнча эл аралык донорлордон жана чет өлкөлөрдөн гуманитардык жана техникалык жардам тартуу иштери жүргүзүлүүдө.

2020-жылдын 13-июлуна карата бул иштердин алкагында эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте 17,7 млн АКШ доллары суммасында жардам көрсөтүү маселеси иштелүүдө, анын ичинен 7,9 млн АКШ долларына медициналык жеке коргонуу каражаттары, дары-дармектер, жабдуулар, керектелүүчү материалдар жана азык-түлүк товарлары алынган.

Бул 17,7 млн АКШ долларынын 13,1 млн АКШ доллары өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө (3,7 млн АКШ долларына жардам алынган), чет өлкөлөргө – 4,6 млн АКШ доллары (4,2 млн АКШ долларына жардам алынган) туура келет.

Пикир

Оставить комментарий