• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өкмөттө кыргыз тилин окутуу боюнча билим берүү системасын жакшыртуу талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 28-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-мартта Кыргыз Республикасын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев менен кыргыз тилинин өнүгүшүнүн келечегин талкуулашты. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы мамлекеттик тилди жана тил саясатын өнүктүрүү 2013-2017-жылдарга Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын маанилүү бөлүгү экендигин баса белгиледи.

Назаркул Ишекеев өлкөдө тил саясатын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун ишмердүүлүгү боюнча жана Кыргыз Республикасында 2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын аткарылышы боюнча маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тилин окуутуда билим берүү тармагына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы жана жаштардын арасында жайылтуу керек экендиги белгиленди.

Бул багытта негизги кадам болуп Кыргыз Республикасынын Билим берүү берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борборунун “Кыргызтест” башкармалыгы тарабынан даярдалган тесттердин интернеттеги колдонуучулар үчүн атайын электрондук программасын иштеп чыгуу.

Пикир

Оставить комментарий