• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинетинин төрагасы ЕЭК коллегиясынын төрагасы менен кызматташтыкты талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин башчысы Бакытжан Сагинтаевди Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы болуп дайындалышы менен куттуктап, көп жылдык тажрыйба жана биримдиктин учурдагы өнүгүүсүнүн бардык аспектилерин билүүсү, ЕАЭБдин потенциалын мындан ары да бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Тараптар евразиялык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, өз ара соодада товарлардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыздоо, Биримдик комиссиясынын ыйгарым укуктарын күчөтүү маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий