• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өкмөт башчы жайкы туристтик сезонду тийиштүү уюштуруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди

Өкмөт 0

Бишкек, 06.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 6-июлда, Ысык-Көл облусу боюнча эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында атамекендик туризмди өнүктүрүү жана 2018-жылга жайкы туристтик сезонду уюштуруу маселеси боюнча көчмө жумушчу кеңешменин жыйынтыгы менен өлкөнүн мамлекеттик органдарына бир катар тапшырмаларды берди. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Атап айтканда, жайкы туристтик сезонду жогорку деңгээлде уюштуруу максатында комплекстүү коопсуздукту камсыздоо үчүн Ички иштер министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын чет тилдерди билген кызматкерлеринен турган мобилдик топту түзүү тапшырылды.

Мамлекеттик чек ара кызматына жана Мамлекеттик бажы кызматына 16-июлдан тарта туристтерди жана чет элдик меймандарды көзөмөлдөө-өткөрүү пункттары аркылуу приоритеттүү өткөрүүнү камсыздоосу тапшырылды.

Мамлекеттик каттоо кызматына туристтерди ыкчам каттоого алууну камсыздоосу тапшырылды.

Тийиштүү мамлекеттик органдарга үзгүлтүксүз негизде электрондук визаларды туруктуу берилишин камсыздоо тапшырылды.

Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бийлигине Ички иштер министрлиги менен биргеликте чыр-чатактуу кырдаалдардын алдын алууга багытталган профилактикалык иштерди өткөрүү тапшырылды.

Транспорт жана жолдор министрлигине пансионаттарга жана эс алуу жайларына карай кеткен жолдорду өз балансына алуу боюнча сунуштарды киргизүүсү тапшырылды.

Ошондой эле Маданият, маалымат жана туризм министрлигине үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин артыкчылыктуу туристтик багыттар менен программа иштеп чыгуу жана үстүбүздөгү жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Туризмди өнүктүрүү боюнча маркетингдик стратегиясын иштеп чыгуу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий