• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өкмөт үстүбүздөгү жылы республикалык бюджеттин кирешесин 141,5 млрд сомго чейин көтөрүүнү пландаштырууда

Өкмөт 0

Бишкек, 23.11.17./Кабар/. “Өкмөт үстүбүздөгү жылы республикалык бюджеттин кирешесин 126,8 млрд сомдон 141,5 млрд сомго чейин көтөрүүнү пландаштырууда”, — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 23-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында өлкөнүн 2016-жылкы республикалык бюджетинин аткарылышы боюнча отчету, үстүбүздөгү жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү, 2018-жылга республикалык бюджеттин долбоору жана 2018-2020-жылдарга болжол маселелери каралып жаткан учурда билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2017-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү Өкмөт тарабынан иштелип чыкты. Анда Өкмөттүн “Жаңы доорго – кырк кадам” программасында белгиленген артыкчылыктар жана багыттар эске алынган. Ошондой эле ал ички дүң продукциянын реалдуу өсүшүн 3,5%да кармап турууга негизделген.

Сапар Исаковдун айтымында, Мамлекеттик бажы кызматынан келип түшө турган 95 млрд сомдун эсебинен, жалпы кирешелердин ичинен салыктык кирешелер 1,8 млрд сомго көбөймөкчү.

Ошондой эле Премьер-министр белгилегендей, салыктык эмес кирешелер 2017-жылы 27,5 млрд сомду түзүп, бекитилген бюджеттен 6,8 млрд сомго жогорулайт.

Өкмөт башчы маалымдагандай, расмий трансферттер 16,7 млрд сомду түзөт, же бекитилген көрсөткүчтөн 3,7 млрд сомго жогорулайт.

Сапар Исаков муну менен катар өзгөртүүлөрдүн ичинде Өкмөт мамлекеттик органдардын кошумча чыгашаларын 11,4 млрд сомго кыскартып жаткандыгын кошумчалады. Ага сатып алынуучу товарларга, тейлөө кызматтарына, финансылык сектордун кызматтарын төлөөгө жана башка бюджеттин корголбогон беренелери боюнча каражаттар кирет, бул иштер бюджетти теңдештирүү жана дефициттин деңгээлин төмөндөтүү максатында жасалууда.

Премьер-министр белгилегендей, жыл башынан тартып Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин макулдугу менен Өкмөт жогорку приоритеттүү жана шашылыш чыгашаларды каржылоого кошумча чыгымдарга барды.

“Бул каражаттар түштүктөгү табигый кырсыктардын кесепетин жоюуга, автожолдорду реконструкциялоого, ирригациялык системаларды курууга жана реконструкциялоого, тарыхый жана маданий объекттерге, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүгө жана башка кошумча чыгымдарга жумшалды”, — деп белгиледи Сапар Исаков.

Премьер-министр белгилегендей, каражаттардын олуттуу бөлүгү экономиканын реалдуу секторлоруна, тактап айтканда, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоого, экспортко багытталган жана импорттун ордун алмаштыруучу ишканаларга багытталган.

Өкмөт башчы Өкмөттүн “Жаңы доорго – кырк кадам” программасынын алкагында дефициттин бара-бара кыскарышы жана структуралык реформалардын ишке ашырылышы каралгандыгын баса белгиледи.

“Жылдын акырына чейин Өкмөт айлык акы, пособия, пенсия жана башка социалдык төлөмдөр сыяктуу бюджеттин корголгон беренелери боюнча милдеттерди толугу менен каржылайт деп ишендирип кетем. Ошону менен бирге, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн максималдуу түрдө аткаруу боюнча жана корголбогон беренелерди каржылоо иштери боюнча бардык зарыл чаралар көрүлөт”, — деди Сапар Исаков.

Пикир

Оставить комментарий