Бишкек, 29.07.20 /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ысык-Көл райондук ооруканасындагы дарыгерлердин жетишсиздик маселеси чечилди. Бул тууралуу маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.
Анын айтымында, Чолпон-Атада коронавирус менен ооруган бейтаптар үчүн эки стационар ачылган: "Алтын Балалык" бала бакчасында жана райондук ооруканада.
"Бүгүнкү күнү маселе чечилди. Аймакка Бишкектен дарыгер жана реаниматологдордон турган дарыгерлер тобу жөнөтүлдү. Ошондой эле аймакта Россиядан жардамга келген дарыгерлер иштеп жатат", - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий