• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дүйшенбек Зилалиев Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек,23.11.17./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Дүйшенбек Зилалиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Зилалиев 17-ноябрга чейин вице-премьер-министр кызматын ээлеп келген.

Эске сала кетсек, мурдагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Казаков Болсунбек Күмүшбекович бүгүн, 23-ноябрда кызматтан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий