• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өкмөт тигүү тармагын өнүктүрүү үчүн бардык аракетти жасоого убада берди

Өкмөт 0

Бишкек, 16.11.18. / Кабар/. Кыргызстандын өкмөт башчысы Мухамедкалый Абылгазиев тигүү тармагын өнүктүрүү үчүн бардык аракетти жасоого убада кылды.

Анын айтымында, Советтер союзу маалында Кыргызстандын тигүү тармагы өнүгүп турган.

“Ал мезгилде жүн, жибек, пахта сыяктуу чийки заттарды кайра иштеткен завод жана комбинаттар болгон. Тилекке каршы, алар тонолуп, талкаланды. Биз бул жылы жүн, жибек, пахтаны иштеткен ошол заводдорду калыбына келтирүүнү чечтик”, - деди өкмөт башчы.

Кыргызстандын тигүүчүлүк продукциясынын эң көп көлөмдөгү экспорту 2012-жылы жасалып, ал 156млн. долларды түзгөн. 2013-2015-жылдары биз максат алган базарлардагы (РФ, Казакстан) сатыштардын азайышы сыяктуу себептер КРнын тигүү тармагына терс таасирин тийгизген. 2013-2015-жылдардагы өндүрүштүн азайышы 31,7%ды түзгөн. 2012-жылга салыштырмалуу 2015-жылдагы экспорт 38,4%га азайган.

Пикир

Оставить комментарий