• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Өткөн сутка ичинде аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат

Коом 0

Бишкек, 11.04.02. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өткөн сутка ичинде аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат берди.

Ага ылайык, 2020-жылдын 10-апрелинде өлкө боюнча 503200 погондук метр унаа жолдору дезинфекцияланды, өлкө аймак боюнча гуманитардык жардамды жеткирүү иштери уланууда.

“112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде жалпы 7850 чалуу катталып, анын ичинен 655 коронавирус боюнча чалуу түшкөн, 3456 максатсыз чалуу болгон. Ошондой эле өлкөдө уюштурулган постторго, дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу жана обсервацияда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (орундук, тамак-аш жеткирүү) ӨКМ тарабынан 596 кызматкер жана 49 унаа тартылды”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий