• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Өткөн сутка ичинде аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат

Коом 0

Бишкек, 12.04.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өткөн сутка ичинде аткарылган иштер боюнча кыскача маалымат берди.

Ага ылайык, 2020-жылдын 11-апрель күнү өлкө боюнча 1 182 980 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланды, жалпысынан 12077 орундук даярдалган.

Ошондой эле Бишкек шаарындагы жана региондордогу обсервацияда жайгаштырылган жарандарга ӨКМ тарабынан күн сайын 3 маал ысык тамак-аш берилүүдө (меню алмаштырылып турат).

“112 ыкчам номуруна өткөн сутка ичинде жалпы 7830 чалуу катталып, анын ичинен 480 коронавирус боюнча чалуу түшкөн, өлкөдө уюштурулган постторго, дезинфекциялоо жумуштарын аткаруу жана обсервацияда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (орундук, тамак-аш жеткирүү) ӨКМ тарабынан 160 куткаруучу жана 27 унаа тартылган”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий