• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Тоң районундагы шамалдан 50 миң сомдон ашуун чыгым келтирилди (сүрөт)

Аймак 0

Бишкек, 20.03.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айыл аймагында 2018-жылдын 16-мартында катуу шамал катталган. ӨКМнин басма сөз кызатынан кабарлашкандай, болжол менен кечки саат 21:45 чамасында Көл-Төр жана Тогуз-Булак айылдарында ылдамдыгы секундасына 28-32 метрге жеткен катуу шамал болгон.

Натыйжада Көл-Төр айылындагы 7 турак үйдүн Тогуз-Булак айылындагы 2 турак үйдүн чатырын учуруп кеткен.

Алдын ала маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.

“КР ӨКМдин Тоң райондук бөлүм башчысы жана райондук Жарандык коргоо комиссиясы жеринде иликтөө иштерин жүргүзүштү.
Аткарылган иш-чаралар жана бөлүнгөн материалдык баалуулуктар: 19-март күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан жеринде аныктоо иш чаралары жүргүзүлүп, акт толтурулган. Жалпы материалдык чыгым 53860 сомду түздү”,-деп билдиришти ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий