• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда милициянын көчмө кабылдамасы өз ишин улантууда

Аймак 0

Бишкек, 01.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында ар түрдүү мазмундагы арыз-даттануулар милициянын көчмө кабылдама унаасында кабыл алынууда. Бул тууралуу облусук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалымака ылайык, ошондой эле профилактикалык жумуштарды аткарууда да бул унаа колдонулууда.

Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы менен Каныш-Кыя жана Айгыр-Жал айылдарына барып, элдердин көйгөйлөрүн жеринен угушту. Ошондой эле кыз ала качуу, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Токтогул РИИБдин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү Терек-Суу жана Өзгөрүш айыл аймактарын кыдырышты. Алар милициянын көчмө кабылдама унаасы менен жергиликтүү тургундар арасында профилактикалык иштерди алып барышты. Азык-түлүккө жана эпидемиологиялык абалга байланыштуу тургундардын суроо-талаптарын угушуп, жоопторду беришти.

Ал эми Сузак РИИБдин жана ӨКМ кызматкерлери тарабынан сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу жумуштары жүргүзүлдү. Алар Барпы айыл аймагына милициянын көчмө кабылдама унаасы менен барышып, сууга түшүп жаткан жарандарга жеринде түшүндүрүү иштерин алып барышты. Аптаптуу күндөрү сууга түшүүдө этият болууга чакырышып, суу кырсыктарынан сактанууга жана жаш балдарды көзөмөлдөөгө чакырышты.

Пикир

Оставить комментарий