• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ӨКМге 100 өрт өчүрүүчү заманбап техника тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 1-февралда президент Садыр Жапаров Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) өрт өчүрүүчү заманбап техникаларды расмий түрдө тапшырды.

Ведомстводон билдиришкендей, буга чейин мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн негизинде “Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө” долбоорунун алкагында гранттык негизде заманбап 100 өрт өчүрүүчү техникасы келген.

Атайын өрт өчүрүүчү унаалардын курамында 5 тонна суу бата турган 75 унаа, 8 тонналык 10 унаа, авариялык куткаруучу 10 унаа, өрткө каршы үгүт иштерине колдонуучу 2 автобус, 50 метрлик 3 автошаты жана 10 куткаруу жаздыгы, 2-3,5 тонналык суу челеги бар.

Кытайдан грант түрүндө берилген заманбап техникалар менен Өрт-өчүрүүчү бөлүктөрдүн паркы масштабдуу жаңыланып, өрт өчүрүүдө бир кыйла жеңилдик болуп, адам өмүрүн сактап калууга жана материалдык зыянды болтурбоого кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий