• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КМШ Экономикалык кеңешинин жыйынында кабыл алынган чечимдердин тизмеси

Өкмөт 0

Бишкек, 10.06.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев иш сапарынын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жыйынына (Нур-Султан шаары, Казакстан Республикасы) катышты.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

- КМШга мүчө мамлекеттердин 2025-жылга чейинки мезгилге токой чарбасы жана токой тармагы чөйрөсүндө кызматташуусунун Негизги багыттарын ишке ашыруу боюнча экинчи этабынын (2022–2025-жж.) Иш-чаралар планы бекитилди.

Документ КМШга мүчө мамлекеттердин токой чарбасын башкаруу органдарынын өз-ара аракеттенүүсүн, анын катарында токой өстүрүү, токой жерлерин калыбына келтирүү жана токой пайдалануу, ошондой эле зыянкечтерге жана токой илдеттерине, трансчек арадагы табигый өрткө, жыгачты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча чараларды камтыйт.

- «ВЦ Кварта Астана» жоопкерчилиги чектелген коомуна (Казакстан Республикасы) КМШга мүчө-мамлекеттердин 2030-жылга чейинки инновациялык кызматташтыгы боюнча мамлекеттер аралык программасына мүчө-мамлекеттердин инновацияларын коммерциялаштыруу боюнча борбору макамы берилди.

Борбор Программага катышуучу мамлекеттердин уюмдарына коммерциялаштыруу үчүн жогорку потенциалы бар биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү, коммерциялык келечеги бар инновациялык долбоорлорду уюштуруу-укуктук жактан колдоо, ошондой эле программа алкагында инновациялык долбоорлордун катышуучуларынын башка инновациялык инфраструктура субьектилери менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу максатында түзүлгөн.

- 2021-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде Архитектура жана шаар куруу жылын өткөрүү жыйынтыгы боюнча маалымат каралды.

Өткөрүлгөн иш-чаралар катышуучулардын кеңири чөйрөсүн ыңгайлуу шаардык чөйрөнү, “акылдуу” шаарларды түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн, шаардык жана коммуналдык инфраструктурада алдыңкы технологияларды колдонуунун, архитектура тармагындагы инновациялык чечимдердин заманбап мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырууга шарт түзүп бергендиги белгиленди.

Белгилей кетсек, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин кезектеги жыйыны Москва шаарында (Россия Федерациясы) өтөт.

Пикир

Оставить комментарий