• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КМШ лидерлеринин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Саясат 0

Бишкек, 11.10.19. /Кабар/. Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин (КМШ МБК) жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

КМШга катышкан мамлекеттердин башчылары төмөндөгү документтерге кол коюшту:

  1. 2020-жылкы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине төрагалык жөнүндө;
  2. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө;
  3. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Стратегиялык экономикалык кызматташтыгы боюнча Декларация жөнүндө;
  4. Совет элинин 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишинин 75 жылдыгына карата Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин башчыларынын Шериктештик өлкөлөрүнүн калкына жана дүйнө коомчулугуна Кайрылуусу жөнүндө;
  5. Эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды ишке ашырууну өткөрүп берүү тууралуу Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Конвенциясы жөнүндө;
  6. 2020-2022-жылдарга карата терроризм жана экстремизмдин башка зомбулук көрүнүштөрү менен күрөшүүдө Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин кызматташуусу боюнча Программасы жөнүндө.

Пикир

Оставить комментарий