• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кочкоров: 1-мартка карата өлкөдө мамлекеттик жөлөкпулдарды алгандардын саны 425 миң 800 адамды түзгөн

Коом 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 2020-жылдын 1-мартына карата мамлекеттик жөлөкпулдарды алгандардын саны 425 миң 800 адамды түзгөн. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифингде өлкөнүн эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

Анын айтуусуна караганда, анын ичинен 96 миң аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү 309 миӊ 437 балага “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу төлөнөт.

"Учурда аталган жөлөкпулдун орточо өлчөмү 870 сомду түзөт”, - деп билдирди Кочкоров.

Анын айтымында, ай сайын социалдык жөлөкпулдарды алуучулардын саны 93 миң 546 адам болсо, анын орточо өлчөмү 3 миң 9 сомду түзөт. Балага сүйүнчү жыл башынан тартып 22,9 миң адамга төлөнгөн.

“Кош бойлуулук, төрөт жана сөөк коюуга алган жөлөкпулдардын жалпы саны 6 миӊ 200 түзөт. Алардын ичинен кош бойлуулук боюнча 5,7 миң адам, орточо өлчөмү 9311 сом, ал эми сөөк коюуга 500 адам, орточо өлчөмү 3 435 сом”, - дейт министр.

Пикир

Оставить комментарий