• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга экзаменден 12 талапкер өттү

Коом 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 4-июнда Юстиция министрлигинин алдындагы Адвокаттык иштин маселелери жөнүндө квалификациялык комиссиясы адвокаттык иш жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн кезектеги квалификациялык экзаменин өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, экзаменге катышууга квалификациялык комиссиянын чечими менен 36 талапкерге уруксат берилип, анын ичинен 27 талапкер экзаменге катышууга келген. Компьютерлик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 12 талапкер экзаменден ийгиликтүү өттү.

Экзамен адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн квалификациялык экзаменди өткөрүү тартибине ылайык 110 суроодон турган Компьютерлик тестирлөө формасында өткөрүлөт. 70 жана андан көп пайыз суроолорго туура жооп бергендер квалификациялык экзаменди берген болуп эсептелишет

Квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырган адамга Квалификациялык комиссия тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде Юстиция министрлиги тарабынан адвокаттык ишти жүргүзүү укугуна лицензия берилет. Квалификациялык экзаменден өтпөй калган талапкер, аны кайталап тапшырууга алты айдан кийин гана уруксат алат.

Экзаменди ийгиликтүү тапшырган талапкерлер:

  1. Абдуллаева Уулжан Мусаевна;
  2. Алмазбеков Тилек Алмазбекович;
  3. Ботобеков Батыр Равшанович;
  4. Жанибеков Адилет Кадырбекович;
  5. Жаныбеков Нурсултан Жаныбекович;
  6. Калыбаев Султан Жиргалбаевич;
  7. Козибаев Нурбек Жанышевич;
  8. Назарбекова Асель Тургуналиевна;
  9. Саадабаев Жоомарт Тарасович;
  10. Тагаева Жылдыз Муктаровна;
  11. Шакиров Мирбек Жаныбекович;
  12. Эсеналиев Кошубак Эсеналиевич.

Пикир

Оставить комментарий