• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Коопсуз шаар” боюнча кийинки аукцион 4-сентябрга белгиленди

Коом 0

Бишкек, 27.08.18. /Кабар/. “Коопсуз шаар” боюнча кийинки аукцион 4-сентябрга белгиленди. Бул тууралуу КР мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалат.

Сынактык табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү 4-сентябрга саат 15:00гө дайындалган.

Сынактын документтери ошол эле бойдон калган.

Эске сала кетсек, биринчи аукцион техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу жараксыз деп табылган.

Пикир

Оставить комментарий