• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында айыппулдардан чогулган 145 млн сомго тез жардам унаалары сатып алынат

Коом 0

Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында айыппулдардан чогулган 145 млн сомго тез жардам унаалары сатып алынат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

"Учурда "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында айыппулдардан түшкөн каражаттын эсебинен - 145 млн сомго тез жардам унааларын сатып алуу боюнча токтом даярдалды. Өзүңүздөр билгендей буга чейин жардам иретинде, башка долбоорлордун эсебинен бир топ тез жардам унааларын алдык. Бирок учурда өлкөдө, айрыкча алыскы аймактарда тез жардам унааларынын саны жетишсиз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий