• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто коопсуздук боюнча Координациялык кеңештин жыйыны өттү

Аймак 0

Бишкек, 11.12.20. /Кабар/. Бүгүн, 11-декабрда Ош шаарынын мэриясынын алдындагы коопсуздукту жана укук тартипти камсыздоо боюнча Координациялык кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйынга Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, координациялык кеңештин мүчөлөрү катышты, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Алгач вице-мэр Эмиль Шадыханов коронавируска каршы күрөшүү боюнча маалымат берип, милициянын, УКМКнын коопсуздук боюнча маалыматтары айтылды. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын Оштогу атайын өкүлү Расул Кадыров президенттик шайлоого даярдыктар боюнча айтып өттү.

Шаар мэри шайлоону өткөрүүдө коомдук-саясий кырдаалды жана коопсуздукту камсыздоого өзгөчө көңүл бурууга чакырып, тапшырмаларды берди.

Жыйынтыгында коопсуздукту жана укук тартипти камсыздоо боюнча Координациялык Кеңеши бир канча чечимдерди кабыл алып, көзөмөл кылуу тиешелүү жетекчилерге тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий