• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынан фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 24.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдары өткөрүлгөн жыйындарында кабыл алынган чечимдеринин ишке ашырылышынын жүрүшү жана өлкөнүн стратегиялык объектилеринин тизмегине сунуштар каралды.

Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүү жана өлкөнү санариптик трасформациялоо боюнча мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын ишке ашыруу анын президенттик ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары бойдон калаарын белгиледи.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткарбаган жана өз убагынан кечиктирип аткарган айрым мамлекеттик органдардын жетекчилерин катуу сындап, алар бул иш үчүн жеке жоопкерчилик тарта турганын эскертти.

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдары өткөрүлгөн жыйындарында кабыл алынган чечимдеринин ишке ашырылышынын жүрүшү жөнүндө баяндама менен Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев сүйлөдү. КР вице-премьер-министри Жеңиш Разаков, КР Жогорку Сотунун төрайымы Гүлбара Калиева жана өлкөнүн Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов Коопсуздук кеңештин 2018-жылдын 8-февралында кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча олуттуу чаралар жөнүндө» чечиминин аткарылышы тууралуу баяндамаларды жасашты.

КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы, Президенттин кеңешчиси Дастан Догоев 2018-жылдын 14-декабрындагы «Кыргыз Республикасын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» чечимдин аткарылышы тууралуу, ал эми КР Өнөр жай, энергетика жана кен казуу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов 2019-жылдын 30-январындагы «Кыргыз Республикасынын кен казуу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» чечимдеринин аткарылышы тууралуу баяндамаларды жасашты.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков, КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин парламенттик көпчүлүк коалициясынын лидери Иса Өмүркулов жана «Өнүгүү-прогресс» парламенттик фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев чыгып сүйлөштү.

Жыйындын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши чечим кабыл алды, ага ылайык, 30га чукул иш-чараларды ишке ашыруу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын Мамлекеттик стратегиясынын жаңы долбоорун даярдоо сунуш кылынды. Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдары өткөрүлгөн жыйындарында кабыл алынган чечимдерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн айрым мамлекеттик органдардын жетекчилерин тартип жоопкерчилигине тартуу сунуш кылынды. Коопсуздук кеңешинин бүгүнкү жыйынында кабыл алынган чечимдин айрым пункттары Жогорку Кеңешке, Өкмөткө жана Жогорку сотко аткарылбаган иш-чараларды жакынкы жарым жыл ичинде аткаруу сунуштарын камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий