• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Белгилүү коомдук ишмер Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгы белгиленет

Коом 0

Бишкек, 10.08.22 /Кабар/. Белгилүү коомдук ишмер, Кыргыз ССРинин советтик-партиялык ишмери, Социалисттик эмгектин баатыры жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Корчубек Акназаровдун 100 жылдыгын өткөрүү боюнча ведомстволор аралык биринчи жыйын өттү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, жыйында 100 жылдыктын алкагында жасала турган иштер жана пландар талкууланды.

Учурда министрлик тарабынан жыйында каралган сунуштарды иштеп чыгуу иштери жана иш-чаралардын планы толукталып жатат.

Жыйын таданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун төрагалыгы алдында өтүп, ага Корчубек Акназаровдун уул-кыздары, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана кызыкдар тараптар катышты.

Пикир

Оставить комментарий