• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Коргоо министрлигинин 31444 аскер бөлүгү 30 жылдыгын белгиледи

Коом 0

Бишкек, 02.10.23. /Кабар/. Коргоо министрлигинин 31444 аскер бөлүгү өзүнүн 30 жылдыгын белгиледи.

Ведомстводон билдиришкендей, иш-чарага Коргоо министрлигинин, Башкы штабдын өкүлдөрү, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана аскер бөлүктүн өздүк курамы катышты.

Иш-чара КР Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук армия үйүнүн чыгармачыл тобу концерттик программасы менен коштолду. Ошондой эле аскер бөлүктөр арасында кичи футбол боюнча мелдеши өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий