• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Коронавирус: КР бир катар өлкөлөрдүн жарандарынын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизет

Өкмөт 0

Бишкек, 29.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасы коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучуна байланыштуу бир катар өлкөлөрдүн жарандарынын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын өкмөтүндө өткөн коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында билдирилди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чара Республикалык штабга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан дүйнөдөгү азыркы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен сунушталды.

Кытай Эл Республикасынын, Иран, Япония, Түштүк Корея жана Италиянын (тизме дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен толукталып турат) жарандары үчүн өлкөгө кирүүгө 2020-жылдын 1-мартынан тартып чектөө киргизилет.

Бул чектөөлөр көрсөтүлгөн өлкөлөрдүн Кыргыз Республикасына ишке байланыштуу, туризм жана жеке максаттарда келген, дипломатиялык паспортко ээ эмес бардык жарандарына тийиштүү болуп саналат.

Эпидемиологиялык жагдай начарлагандыгына жана Кыргыз Республикасынын аймагына эпидемиологиялык кырдаал начар өлкөлөрдөн жарандардын келүүлөрү уланып жаткандыгына байланыштуу чет элдиктер үчүн кирүүгө тыюу салынууда. Ошондой эле 1-марттан тартып көрсөтүлгөн мамлекеттердин жарандары үчүн Кыргыз Республикасына чакырууларды тариздөө токтотулат.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, бул дүйнөдө абал ыкчамдык менен өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу мажбур болгон убактылуу чара. «Бул чечим Кыргыз Республикасынын калкынын коопсуздугун камсыздоо жана саламаттыгын сактоо, коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө максаты менен чечмеленет», – деди ал.

Ал дүйнөдө 50дөн ашык өлкөдө коронавируска чалдыккандар аныкталганын, бирок көрсөтүлгөн беш өлкөдө 100-1000ден ашуун учур экендигин айтты. Аталган дарт 10дон аз санда катталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өткөндө үч күн обсервациядан өтүшөт.

«Эпидемиологиялык абал начар тигил же бул өлкөдө убактылуу жашаган же ал жактан келген Кыргыз Республикасынын бардык жарандары мекенине кайтканда милдеттүү түрдө текшерүүдөн өтүшүп, 14 күндүк карантинге алынып, ошондон кийин гана өлкө аймагына өткөрүлөт», - деп эскертти вице-премьер-министр.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, 28-февралга карата республикада коронавирусту жуктургандар ырасталган жок. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрмө жайлар күчөтүлгөн режимде иштөөнү улантып жатышат. Кыргызстан россиялык өнөктөштөрдөн экспресс-тесттердин кезектеги партиясын алууда.

Министр ошондой эле эскерткендей, мамлекеттик органдар туруктуу негизде мониторинг жүргүзүшүп, дүйнөдөгү жагдайга байкоо салып жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен байланышта болуп турушат.

Жыйындын катышуучуларына аткезчилик жол менен өлкөдөн чыгарып кетүүгө аракет кылынган ири партиядагы медициналык маскалар (1 млн даана) кармалганы тууралуу маалымдалды.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тармактык мамлекеттик түзүмдөргө бир катар тапшырмалар берилди.

Билим берүү жана илим министрлигине республиканын бардык билим берүү мекемелеринде коронавирус, өздүк гигиена эрежелери, сасык тумоо жана курч респиратордук инфекциялардын, анын ичинде коронавирустун алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин улантуу тапшырылды.

Мындан тышкары бардык жарандарга эл көп чогулган жерлерден мүмкүн болушунча оолак болуу, көп сандагы адамдардын катышуусундагы иш-чараларды өткөрүүнү чектөө сунушталат.

Пикир

Оставить комментарий