• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанга чет элдиктердин кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө буйрукка өзгөртүүлөр киргизилди

Өкмөт 0

Бишкек, 22.03.20. /Кабар/. COVID-19 коронавирустук инфекциясынын Кыргызстандын аймагына мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча КР өкмөтү тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2020-жылдын 17-мартындагы өлкөгө чет элдиктердин кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө Өкмөттүн буйругуна өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, ушул буйрукка ылайык, 2020-жылдын 19-мартынан тартып өлкөгө чет мамлекеттердин жарандарынан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрү болуп саналган жарандыгы жок адамдардан же Кыргыз Республикасында туруктуу жашап турууга уруксаты бар адамдардан тышкары жарандардын кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилген.

Өкмөттүн 2020-жылдын 22-мартындагы буйругуна ылайык көрсөтүлгөн категориядагы чет мамлекеттердин жарандарынан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрү болуп саналган жарандыгы жок адамдарга же Кыргыз Республикасында туруктуу жашап турууга уруксаты бар адамдарга дагы эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин өлкөгө кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан кабыл алынган чектөө чаралары Кыргыз Республикасынын аймагына COVID-19 коронавирустук инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөөгө жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун сактоого гана багытталган.

Пикир

Оставить комментарий