• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коронавирус жуктурган бейтаптар кайсы дарылар менен дарыланууда – министрликтин жообу

COVID - 19 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев коронавирус жуктурган бейтаптар кайсы дары-дармектер менен жана кандай дарыланары тууралуу айтып берди.

"Клиникалык протоколго ылайык дарылоо үчүн вируска каршы дары-дармектер сунушталган. Алар – лопинавир, ритонавир жана гидроксихлорохин. Андан тышкары, дарылоо симптоматикалык түрдө, башкача айтканда, оорунун белгилерине жараша дарылоо жүргүзүлөт. Вируска каршы дары-дармектер жетиштүү", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 10-апрелге карата коронавирус жуктурган 18 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 298ге жетет. Алардын ичинен 39 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий