• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

COVID-19: Кыргызстан 30 миң 400 ПЧР тест-системасын сатып алды

COVID - 19 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Кыргызстан 30 миң 400 ПЧР тест-системасын реагенттери менен сатылып алды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Тест-системалар Ислам Өнүктүрүү Банкына караштуу "Fael Khair Program" фонду аркылуу гранттык каражаттарга сатып алынган

"КР Саламаттык сактоо министрлигинин кайрылуусу боюнча жана КР Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен аталган банк тарабынан 350 миӊ доллар суммасында гранттык каражаттар бөлүнгөн. 8-апрель күнү Кыргызстандын Сауд Арабиядагы жана Түркиядагы элчиликтеринин логистикалык жардамы менен өлкөгө ПЧР тест-системалар реагенттери менен кошо алынып келди", - деп айтылат маалмытта.

Саламаттык сактоо министрлиги көрсөткөн жардамы үчүн Ислам Өнүктүрүү Банкына караштуу "Fael Khair Program" фондуна жана Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигине ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий