• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Статистика: Акыркы суткада COVID-19дун 227 жаңы учуру катталып, 8 адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирустун 227 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу маалымат жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүу министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 139, Чүй облусунда – 63, Ош шаарында – 1, Ош облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 11, Нарын облусунда – 8, адамдан илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 225 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 133, Ош шарында – 3, Ош облусунда – 3, Чүй облусунда – 58, Ысык-Көл облусунда – 9, Нарын облусунда – 9, Талас облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда – 4 адам сакайды.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 6, Ысык-Көл облусунда 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1503 бейтап, амбулатордук түрдө 2295 адам дарыланууда. 1051 бейтаптын абалы орто оордукта, 377 адамдын абалы оор жана 69 бейтап өтө оор абалда экендиги кабарланды.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 457 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 384 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 96 миң 561 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 90 миң 146 киши айыгып чыкса, 1 миң 630 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий