• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19. Февраль айынан бери 19 миңге жакын медицина кызматкери окуудан өткөрүлдү

COVID - 19 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Быйыл 5-февралдан бери COVID-19 боюнча 19 миңге жакын медицина кызматкери окуудан өткөрүлдү. Бул тууралуу Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту билдирет.

"Кыргызстанда коронавирус инфекциясы катталган учурдан тартып С. Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту COVID-19 боюнча алдын алуу, аныктоо, дарылоо, коопсуздук чаралары жана инфекциялык көзөмөл маселелери боюнча медициналык кызматкерлерди ордуна барып жана аралыктан окутуу курстарын өткөрүп жатат", - деп билдирет институт.

Быйыл 5-февралдан тартып 14-авгутска чейин жалпы 18 миң 761 медицина кызматкери окуудан өткөн. Алардын ичинен 11 миң 255 кызматкер аралыктан окуган:

- Баштапкы медициналык-санитардык жардам (дарыгерлер, медайымдар жана медколледж)- 6 миң 534;

- Стационардык кызмат (дарыгерлер, медайымдар жана кенже медперсонал) бардыгы - 4 миң 287;

- Лаборатория кызматынын адистери - 326;

- Ординаторлор (БМСЖ жана стационарда) - 477.

Ордуна барып окутуу:

- Баштапкы медициналык-санитардык жардам (дарыгерлер, медайымдар, кенже медперсонал, ординаторлор жана башка адистер) - 3 миң 219;

- Стационардык кызмат (дарыгерлер, медайымдар, кенже медперсонал, ординаторлор) - 3 миң 918.

Пикир

Оставить комментарий