• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Штаб: Өлкө боюнча вакцинациялоо пункттарынын үзгүлтүксүз ишин камсыздоо зарыл

COVID - 19 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча июль-август айларына карата облустук жана шаардык пландар талкууланды, калкты вакцинациялоо процессин башкаруу боюнча ведомстволор аралык топтун иши боюнча отчет угулду.

«Бишкек шаарында реанимация бөлүмдөрүн, керектүү жабдууларды шаймандарды жана адистерди даярдоо менен кошумча койко-орундарды жайгаштыруу керек. Айрым жарандар ооруканаларга кабыл алынбай жаткан учурлар бар. Мындайга жол берилбеши керек. Медициналык жардамга муктаж болгон адам тийиштүү дарылануудан өтүшү керек», - деди Жылдыз Бакашова жана Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине тапшырмаларды берди.

Штаб кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине төмөнкүлөр тапшырылды:

- кошумча керебеттерди, анын ичинде реанимациялык орундарды жайгаштыруу, аларды медициналык кызматкерлердин керектүү курамы жана медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча иш-чараларды улантуу;

- мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарындагы санитардык-карантиндик посттордун ишин күчтөндүрүү;

- убактылуу жана көчмө эмдөө пункттарынын үзгүлтүксүз ишин уюштуруу;

- Кытай Эл Республикасынан келип жаткан вакциналардын аймактар менен шаарларга пропорционалдуу бөлүштүрүлүшүн, калктын приоритеттүү топторунун камтылышын камсыз кылуу;

- Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен 10 күндүн ичинде коронавируска каршы вакцина алган жаранды QR коду менен идентификациялоону камсыз кылган мобилдик тиркемени иштеп чыгып, ишке киргизүү;

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине төмөнкүлөр тапшырылды:

- Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Чолпон-Ата жана Каракол шаарларында, эл көп чогулган жерлерде убактылуу эмдөө пункттарынын ишин уюштуруу үчүн чатырларды орнотууну камсыз кылуу.

Ички иштер министрлигине төмөнкүлөр тапшырылды:

- Бишкек, Ош, Чолпон-Ата, Каракол шаарларында патрулдук милиция кызматкерлеринин рейддерди жүргүзүүсүн жана санитардык-эпидемиологиялык талаптардын бузулушуна (маска режими, социалдык аралык) ыкчам жооп кайтаруусун камсыз кылуусу;

- убактылуу жана мобилдик эмдөө пункттарында коомдук тартиптин сакталышын камсыз кылуу.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине, Ички иштер министрлигине, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине төмөнкүлөр тапшырылды:

- коронавирустук инфекциянын жайылышына жол бербөө боюнча иш-аракеттердин алгоритминин талаптарына ылайык коомдук пайдалануудагы жүргүнчүлөрдү ташууну үзгүлтүксүз текшерип туруусу;

- жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт, автобекет имараттарын жана автобекеттерди дезинфекциялоо боюнча талаптарды так сактоосу;

- жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун айдоочуларына санитардык-эпидемиологиялык чараларды сактабагандыгы үчүн белгиленген тартипте административдик чараларды колдонуусу.

Министрлер Кабинетинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине мамлекеттик, билим берүү, муниципалдык мекемелерде, спорт аянтчаларында, соода борборлорунда жана башка коомдук жайларда убактылуу эмдөө пункттарын уюштурууну көзөмөлгө алуусу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий