• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Марипов алкоголдук жана тамеки продукцияларын маркалоону киргизүү процессин текшерди

Өкмөт 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов алкоголдук жана тамеки продукцияларын санариптик идентификациялоо каражаттары аркылуу маркалоону киргизүү процессин текшерди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө «Товарларды маркалоо» маалыматтык тутуму жана «Текшер» элдик жана инспектордук көзөмөлдүн уюлдук тиркемеси сунушталды.

Бул тутум аркылуу спирт ичимдиктерин жана тамеки буюмдарын өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар өз продукцияларын каттоодон өткөрүп, маркалоочу коддорун ала алышат. Мобилдик тиркеме аркылуу керектөөчүлөр продукт жөнүндө толук маалымат ала алат, ошондой эле анын аныктыгын текшерип, жасалма товарлар табылган учурда, салык кызматына тиешелүү чараларды кабыл алуусу үчүн ыкчам белги берүү менен табылган мыйзам бузуулар жөнүндө маалымат бере алат.

Улукбек Марипов жүргүзүлүп жаткан иштин маанилүүлүгүн белгилеп, алкоголь жана тамеки продукцияларын өндүрүү, жеткирүү жана сатуу менен алектенген бизнес өкүлдөрү менен тыгыз аракеттенүү зарылдыгын белгиледи.

«Алкоголдук жана тамеки продукцияларын маркалоо зарыл, биз аны ишке киргизүүдө ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн ишинин үзгүлтүккө учурабашы жана жоготууларга дуушар болбошу үчүн колдон келген аркетибизди жасашыбыз керек. Контрафакттык жана контрабандалык тамеки менен спирт ичимдиктери аныкталган фактылар бар, бул бизнестин өнүгүшүнө да, салыктын тийиштүү көлөмүнүн чогултулушуна да терс таасирин берип, мамлекеттик бюджетке жагымсыз таасирин тийгизет. Товарларды маркалоо өндүрүүчүдөн жана импортердон тарта акыркы керектөөчүгө чейинки жолду көзөмөлдөөгө жардам берип, ата мекендик бизнести өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүп, калкты сапатсыз товарлардан коргоп, республикадан ЕАЭБ өлкөлөрүнө маркаланган товарларды тоскоолдуксуз жеткирүүнү камсыз кылат», - деди Марипов.

Маалымдама:

2021-жылдын 1-июлунан тартып, Кыргыз Республикасы алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге санариптик идентификация каражаттары аркылуу милдеттүү түрдө маркалоону киргизген. Продукциянын маркировкасы - бул машинада окула турган формадагы белгилердин уникалдуу ырааттуулугу. Милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш болгон товарлардын өндүрүүчүсү же импортеру маркалоо коддорун алышы жана колдонушу тийиш.

Пикир

Оставить комментарий