• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коронавирустун экинчи толкуну. Боронов көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу айтып берди

Өкмөт 0

Бишкек, 28.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бишкек, Ош шаарларында жаңы оорукана курулууда жана өлкөнүн 7 облусундагы бош имараттар оңдоп-түздөөдөн өтүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкунуна буга чейин эле даярдык иштери жүрө баштаган.

“Айтсак, “Манас” аэропортунун аймагындагы “Ганси” базасында 1 миң 306 орундуу стационар ачылган. Ошондой эле өлкөнүн 7 облусунда кеминде 100 орундуу жугуштуу оорулар ооруканасы ачылат. Облустардагы бош болгон имараттар оңдоп-түзөөдөн өтүп, тиешелүү жабдыктар менен жабдылат. Анда интенсивдүү терапия жана реанимациялык палаталар болот. Ош облусунун Кара-Суу районунун Баш-Булак айылында бош турган имарат оңдолуп, 200 орундуу оорукана ачылат. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы бош болгон лицейдин имаратына 304 орундуу, Баткенде бош поликлиникага 90 орундуу, Чүй облусунун Токмок шаарында 100 орундуу, Нарында куралдуу күчтөрүнө таандык имаратына 120 орундуу, Таласта үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 192 орундуу жана Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 150 орундуу оорукана 1 – 1,5 ай аралыгында ачылат”, - дейт ал.

Боронов Бишкек жана Ош шаарларында жугуштуу оорулардын жаңы ооруканасынын курулушу башталдыгын айтты.

“Ачыла турган жугуштуу оорулар ооруканасында санитардык нормалар сакталып, бардык шарттар каралган”, - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий