• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан эл аралык аба каттамдарды жандандырууга даярдык көрүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 28.07.20. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги жана башка ведомстволор эл аралык авиакаттамдарды жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, республикада эпидемиологиялык абал жакшы нукка өзгөрсө, анда башка өлкөлөргө авиакаттамдар ачылышы мүмкүн.

“Каттамдар алгач Россияга, андан кийин Түркия, БАЭ жана башка өлкөлөргө жүргүзүлөт. Учурда алгач кайсы багыттар боюнча ачылары такталууда", - деди Боронов.

Пикир

Оставить комментарий