• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коррупция менен күрөштөн 1,5 млрд сом түшкөн

Экономика 0

Бишкек, 26.07.19 /Кабар/. Коррупция менен күрөштөн бирдиктүү депозиттик эсепке 1,5 млрд сом түшкөн. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Борбордук казыначылыктын директору Марлен Амандыков билдирди.

Анын айтымында, ал каражаттар окуучулардын саны көп болгон мектептер үчүн кошумча имарат курууга жумшалат.

"Ош, Бишкек жана Чүй облусундагы окуучунун саны көп болгон мектептерге имарат куруп берүү пландалууда. Учурда 15 мектеп тандап алынган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий